• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өз мекендешин тоногон чет өлкөлүктөр кармалды

27 Аяк оона 202417:03 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери мекендештерин уурдоо жана опузалап акча талап кылуу боюнча адистешкен чет элдик жарандардын кылмыштуу аракеттерин токтотушту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту (Адамдарды бир топ адамдар тарабынан уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

25-сентябрда Бишкекте чет элдик жаранды барымтага алып, күч колдонуу жолу менен ири суммадагы акча талап кылган Түштүк-Чыгыш Азиянын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

Чет өлкөлүктөр камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 116