• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Өзүнө өрт коебуз деген аялдардын иши тергелүүдө

17 Чын куран 2021 13:37 Бишкек Govori.TV

Насыя маселеси боюнча Чүйдүн Пригородное айыл өкмөтүндө акция уюштурган аялдардын иши Жазык кодексинин “Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу” деген 208-беренесинин негизинде тергелип жатат. Бул тууралуу 16-апрелде облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 15-апрелде он чакты аял айыл өкмөтүнүн имаратына таң атпай кирип барып, насыя маселесин чечүүнү талап кылышкан, болбосо өзүнө өрт коерун айтышкан. Коопсуздук максатында милиция имаратты тосмого алган. Түштөн кийин аялдар имараттан чыгышкан.

Количество просмотров: 184