• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзүнө өрт койгон заводдун жумушчусу каза болду

11 Баш оона 2022 9:29 Бишкек Govori.TV

10-август күнү эртең менен ооруканада Ферганадагы мунайды кайра иштетүүчү заводунун жумушчусу, 47 жаштагы Санобархан Хайдарова көз жумду. Ал 2-августта өзүн-өзү бензин чачып өрттөгөн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришти.

Ал мындай жол менен жумуштан бошотулганына каршылык билдирген. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Буга чейин заводдун өкүлдөрү Санобархан Хайдарова бошотулбаганын, күбөлүгүн унутуп калганы үчүн кеңсеге киргизилбегенин кабарлашкан.

Бирок аялдын жакындары ишкананын күзөт кызматы аны жумуш ордунан күч менен кубалап жибергенин, Санобархан Хайдарова өзүн өрттөй турганын айтканда, алар кош көңүл мамиле жасашканын билдиришкен.

Маркумдун төрт кызы бар, алардын кичүүсү 9-класста окуйт. Санобархан Хайдарованын жолдошу эки ай мурун жыгылып кетип, майып болуп калган.

Фергана мунайды кайра иштетүүчү заводунун жумушчулары буга чейин да негизсиз иштен алууга жана маянанын аздыгына нааразы болуп келишкен.

Количество просмотров: 169