• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Өзүн УКМКнын кызматкери катары таанышырып, 158 миң сом алган жаран кармалды

18 Теке 2023 16:01 Бишкек Govori.TV

Өзүн «УКМК кызматкеримин» деп тааныштырып, бирөөнүн 150 миң сомдой акчасын алдап алып, төлөбөй жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга Э.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2022- жылдын сентябрь айында С.Т. аттуу жаран өзүн «УКМК кызматкеримин» деп, Э.М. ны алдоо жолу менен ишеничине кирип, анын үстүнөн козголгон кылмыш ишин «тааныштарым бар, акчалай бүтүрүп берем» деп жалпы 158 миң сомун алдоо жолу менен алып, пайдасына иштетип жиберген.

Натыйжада жогорудагы факты боюнча К.Р.нын КЖКнин 209- беренесинин белгилери менен кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту сырттан камоо чечимин кабыл алып, шектүүгө издөө жарыялаган.

Бүгүнкү күндө шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан кармалып, тергөө кызматына алынып келинүүдө. Алдын ала маалымат боюнча тинтүү учурунда шектүүгө таандык болгон «Антикоррупциялык элдик көзөмөл» коомдук бирикмесине тиешелүү болгон күбөлүк табылган. Кызматтык күбөлүктүн канчалык мыйзамдуу экенин тергөө аныктайт.

Количество просмотров: 97