• Жекшемби 21 Теке 2024
  • Воскресенье 21 Июль 2024

Өз жанын кыйды деген Айтургандын жакындары буга ишенбейт

10 Теке 2024 13:40 Бишкек Govori.TV

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 26 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнүн алдын ала себебин жарыялады.

«Алгачкы дарыгердин корутундусуна ылайык, маркум «Полидармектерге уулануу, өз жанын кыюу. Курч жүрөк-кан тамыр жетишсиздиги.» Ал 7-июлда борбордогу ооруканалардын биринде каза болгон. Сырттан текшерүү учурунда денеден сырткы жаракаттар табылган эмес, керектүү экспертизалар дайындалган. Факты маалымат журналына катталды. Тараптардын бардык жүйөлөрү эске алынып, объективдүү иликтөө жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

ММКлардын бирине берген маегинде маркумдун жакындары Айтурган Маматкулова былтыр июль айында турмушка чыкканын айтышкан. Бир жылдын ичинде жубайлар ажырашып, кайра жарашышкан. Жабырлануучунун күйөөсүнүн айтымында, ал дары ичип өз жанын кыйган.

Буга Айтурган Маматкулованын апасы ишенбейт. Ал өлүкканадан кызынын башынан жана денесинен жаракаттарды көргөнүн белгиледи.

Количество просмотров: 43