• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өз жанын кыюуга аракет кылган өспүрүм куткарылды

18 Жетинин айы 2021 0:23 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунда мектеп окуучусу куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында 17 жаштагы мектеп окуучусу жогорку чыңалуудагы электр мамычасынан боюн таштаганга аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалымат саат 17:18 ӨКМге түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, 30 мүнөттүк сүйлөшүүдөн кийин боюн таштаганы аракет кылган бала куткарылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 2073