• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Zagreb Open: Тыныбекова алгачкы атаандашына жеңилип калды

3 Бирдин айы 202316:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Хорватияда өтүп жаткан Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинде алгачкы атаандашына жеңилип калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында маалымдалат.

Маалым болгондой, Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин тандоо турунда кытайлык Сяоцзюнь Луо (Xiaojuan Luo) менен бет келди. Анда кытайлык балбан Айсулуу Тыныбекованы 10:4 эсебинде утуп алды. Эгер Луо финалга чыга турган болсо, Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Бул мелдешке Айпери Медет кызы (76 кг) да катышууда. Ал 4-февралда Бишкек убактысы менен саат 15:00дө күрөшөт.

Количество просмотров: 225