• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Запаска бошотуу жана жазгы мөөнөөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу токтотулду

6 Чын куран 2020 16:30 Бишкек Govori.TV
 
 Запаска бошотуу жана жазгы мөөнөөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу токтотулду.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март–майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыру у жөнүндө» Жарлыгынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Чечим айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катарында инфекциялык ооруулардын жайылышын болтурбоо максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өз чечимдерин Жарлыкка ылайык келтирүүсү сунушталат.Жарлык расмий жарыяланган күндөн артып күчүнө кирет.
Количество просмотров: 100