• Бейшемби 8 Кулжа 2023
  • Четверг 8 Июнь 2023

Зарядкада турган телефон жарылып 13 жаштагы кыз каза тапты

2 февраля 2018 в 16:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.02.2018. Govori.TV.

Москвага жакын жердеги Серпухов районунда 13 жаштагы кыз зарядка коюлган смартфондон ток тартып каза тапты.

Каза тапкан кыздын апасынын айтымында, 13 жаштагы секелек ванна кирип баратып смартфонун жана анын кубаттоочу чубалгысын кошо ала кирген. Көп өтпөй кыздын апасы ваннадан кызынын жансыз денесин тапкан. Ваннага толтурулган сууда смартфон жана кубаттагыч, ошондой эле кыздын денеси болгон.

Учурда бул окуя иликтенүүдө. Алдын ала божомолдор боюнча, кыз электр тогуна урунуп каза тапкан.

Количество просмотров: 26