Бишкек.01.07.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештеги “Республика — Ата-Журт” фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканасынын кардиология бөлүмүндө дарылануусун улантууда. Анын абалы «орточо оор». Бул туурасында Govori.TV агенттигине аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк билдирди.
Дарыгер кошумчалагандай, Рысалиев реабилитация бөлүмүнө которуу маселесин караштырышууда. Бирок азырынча кардиология бөлүмүндө калтырылды. Качан которула туурасында кошумча маалымдалат.
Александра Олексюк сүрөттөгөндөй ,»Депутат өзүн жакшы сезип калды. Кризистен чыкты. Бирок журналисттер менен сүйлөшүүгө болбойт, адамдар менен байланышуу анын абалынын начарлашына себеп болушу ыктымал».