Жалал-Абад облусунда өзбекстандык чек арачылар тарабынан кармалган чабан Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 7-май күнү Ала-Бука чек ара бөлүмүнүн «Май» чек ара бекетинин башчысына Кара-Үңкүр айылынын тургуну кайрылып, кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде кой жайып жүргөн чабан жоголгонун кабарлаган.
«Чабан Кыргызстандын аймагында изделип, бирок андан майнап чыккан эмес. Кыргызстандык чек арачылар өзбекстандык кесиптештерине байланышкан. Өзбек тарап чабан алардын аймагына өтүп кеткен койлорун айдап кетүүгө аракет кылганда, чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалганын билдирген. 9-майда чабан менен 702 баш кой кайтарылды»,-деп жазылат маалыматта.