Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.
Өзбекстан быйылкы жылдын биринчи чейрегинде алтын сатуу боюнча дүйнөдө лидер болду. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңеши (World Gold Council) билдирди.
Кеңештин баяндамасына ылайык, Өзбекстан январь-март айларында 6 тонна 200 килограмм алтын саткан.
Экинчи орунда Монголия турат – 3,4 тонна алтын экспорттогон, 1 тонна алтын сатуу менен үчүнчү орунга Тажикстан чыккан.
Маалыматтарга караганда, Орсия алтын импорту боюнча биринчи орунда, 2019-жылдын үч айында 55,3 тонна сатып алган. Экинчи жана үчүнчү орунда Түркия (40 тонна) менен Кытай (33 тонна) турат.
Апрелде Өзбекстандын Борбордук банкы 2019-жылы чет өлкөлөргө 80 тонна алтын сатарын жарыялаган, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 10 тоннага көп.
Борбордук банктын маалыматы боюнча 80 тонна алтын экспорттоо менен Өзбекстан 3,4 миллиард доллар киреше табат.