• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өзбекстан бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүндө окуган студенттерин мекенине чакыртууда

13 Бирдин айы 2020 9:33 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан бийлиги Кыргызстандагы гана эмес Борбор Азия өлкөлөрүндө окуган башка студенттерин да чакыртууда.

Казакстандын Чымкент шаарында 15 миңден ашуун өзбек студенти бар, учурда алар жапырт түрдө окуу жайлардан документтерин алышууда. Буга чейин Өзбекстан бийлиги чет өлкөдө окуган студенттер эч кандай сынаксыз өз мекенинде ЖОЖдорго кабыл аларын билдирген.

«Мен азыр эле транскрипт алдым. Эми үйүмө барып, мамлекеттик жогорку окуу жайдан окуйм. Бул мен үчүн жакшы мүмкүнчүлүк: бул жакка келүү оор. Өз өлкөбүздө окуган туура болот”, — деди Табассум Жуманазарова.

Окутуучулар колдорунан келген бардык аракеттерин көрүп жатышканын, бирок документ алуу үчүн баары бир узун кезек жаралганын билдиришүүдө. Биринчиден, транскрипт (кайсы сабактардан сынак тапшырганы тууралуу академиялык маалымкат) алуу үчүн студент бардык сынактарды тапшырышы керек. Экинчиден, көбү маалымкат эле эмес, окуу жайдагы болгон документтерин алып кетүүнү талап кылышууда. Бирок деканаттар баш тартууда.

«Бизде 7 минден ашуун студент бар. Биринчи күнү абдан көп студент келди. Мынчалык ажиотаж болот деп ойлогон эмеспиз. Азыр документтерди эмес, транскрипттерди гана берип жатабыз. Себеби, эгер аларды Өзбекстан ЖОЖдору кабыл албай койсо, кайра бул жактан окууларын улантышса болот”, – деди Чымкенттеги Түштүк Казакстан мамлекеттик университетинин проректору Садыбек Бейсенбаев.

Анын айтымында, Өзбекстандан келген студенттердин дээрлик жарымы үйлөрүнө кетти.

Өзбекстандын жогорку жана орто билим берүү министри Имом Мажидов «Борбор Азия мамлекеттериндеги өзбекстандык студенттер окуусун Өзбекстандагы университеттерге оңой эле которо алат» деген буйрукту 6-февралда чыгарган.

Министрликтин «Телеграмдагы» каналында жарыяланган буйрукта көрсөтүлгөндөй, студенттер окуусун Өзбекстанга которуу үчүн эч кандай кошумча сынак тапшырбайт. Башында бул үчүн 7-февралдан 15-февралга чейин гана убакыт берилген. 11-февралда аталган министрлик бул мөөнөттү 15-мартка чейин узартылганын жарыялаган.

Өзбек өкмөтү мындай шашылыш буйруктун чоо-жайын жакшы түшүндүрө элек.

Количество просмотров: 61