• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзбекстан Чехиядан жаңы учактарды сатып алат

16 Кулжа 2023 16:58 Бишкек Govori.TV

15-июнда «Өзбекстан аба жолдору» компаниясы чехиялык LET Aircraft Industries концерни менен LET L-410-E20 учактарын сатып алуу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу авиакомпаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учактар жүргүнчүлөрдүн чакан тобун ташуу, ошондой эле Өзбекстандын ички туризмин өнүктүрүү максатында сатып алынууда.

Өзбекстандык авиакомпания ушул типтеги төрт учак сатып алууну пландап жатат.

Алар өтө кыска учуп-конуу тилкелеринде колдонулуп, Өзбекстандын ичиндеги, анын ичинде Зарафшан, Шахрисабз жана Анжиян сыяктуу шаарлардын каттам тармагын кеңейтет деп пландалууда.

LET L-410 учактары 19 жүргүнчүнү батырып, 1500 чакырымга чейин уча алат.

Количество просмотров: 96