• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өзбекстан чет өлкөлөрдө диний билим алып жаткан студенттерди артка кайтарууда

21 Кулжа 2021 9:12 Бишкек Govori.TV

Өзбек бийлиги акыркы айларда Египетте диний окууларда окуп жаткан бир жарым миңдей жаранын кайтарды.

Мунун себеби белгисиз. Өзбек бийлиги Египет менен Түркияда окуп жүргөн студенттерин кайтаруу менен гана чектелбей, чет өлкөлөргө диний окуу жайларда окуу үчүн чыгып кеткендерге көзөмөлдү да күчөтүүдө.

Египеттеги белгилүү Аль-Азхар университети мындан ары Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитетинин текшерүүсүнөн өткөн гана студенттерди кабыл алат. Бул тууралуу Өзбекстандын Египеттеги элчилигинин өкүлү кабарлады.

Элчилик Аль-Азхар университетинин администрациясынан Өзбекстандан келген жүздөгөн студенттердин сабакка жана сынакка катышпаганы жөнүндө маалымат түшкөнүн кабарлады. Каирдеги элчиликтин өкүлү муну “кабатырлана турган факт” деп атады.

Өзбекстандын Египеттеги элчилиги расмий сайты аркылуу билдирүү таратып, көптөгөн жарандар Каирдеги шектүү окуу жайлар менен борборлордо билим алып жатканына тынчсызданды.

Өзбекстандын атайын кызматындагы өз булак көптөгөн студенттер бир апталык виза менен Дубайга барып, андан ары Египетке кетип жатышканын билдирди.

“Оздолик” маалымдагандай, бул арада Түркия коопсуздук кызматы өзбек студенттери окуп жаткан кеминде үч медресени жапкан.

2021-жылдын алгачкы беш айында өзбек чек ара кызматы чет өлкөлөрдөгү диний мектептерге бара турган 1800 адамды токтоткон. Алардын көбү – жаштар.

Количество просмотров: 342