• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Өзбекстан грин-карта жеңгендердин саны боюнча сап башына чыкты

22 Бугу 202517:45 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан жарандары АКШда туруктуу жашоого жол ачкан грин-карта лотереясын уткан өлкөлөрдүн сап башына чыкты. Бул тууралуу АКШнын Green Card Office сайты жарыялаган маалыматта көрсөтүлгөн. Маалыматка караганда, былтыр лотереяга 55 миңден ашуун өзбек жараны катышып, алардын 5564ү тандалган.

Бул өткөн жылдагы жыйынтыкты камтыган маалымат. Грин-карта лотереясынын быйылкы жыйынтыгы жарыялана элек.

«Азаттыктын» өзбек кызматы акыркы жылдары АКШга түрдүү жолдор менен барууну каалаган өзбек жарандарынын саны өскөнүн жазды.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 212