• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Өзбекстан Кыргызстанга учак берет

13 Жалган куран 2021 15:16 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

«Коргоо министрлиги аркылуу Өзбекстан тарап Кыргызстанга бир тик учакты акысыз берет жана дагы бир тик учакты калыбына келтирүүгө даяр. Ошондой эле, жалпы аскердик багыттарда адистерди даярдоо, учкучтарды жана байланыш кызматкерлерин даярдоо маселеси иштелип жатат», — дейт ал.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барып келди. Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 22 документке кол коюлду.

Количество просмотров: 319