• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өзбекстан Үңкүр-Тоону талашпай турган болду

13 Жалган куран 2021 14:46 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки тарап тең бул ишти жакынкы үч айдын ичинде бүтүрүү керек деген бүтүмгө келишти. Мамлекеттик чек араны юридикалык жактан каттоону аягына чыгаруу чек ара аймактарындагы туруктуулукту чыңдап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.

Жакынкы аралыкта мамлекеттик чек арадагы жети өткөрүү пунктунун иши жанданаары белгилүү болду, өзбек тарап жүк ташуу маселесин чечүүгө, зарылчылыкка жараша документтерди сканерлөөгө ылайыктуу техника менен камсыз кылууга убада берди.

Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына транспорттук жана аба каттамдарын ачууга даяр. Анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан эркин өтүшөт.

Өз кезегинде, өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана саясий тирешүү болуп келген Унгар-Тоо аймагын берүүгө даяр.

Мамлекеттик чек араларды делимитациялоого байланыштуу калган талаштуу маселелерди өзбекстандык кесиптештери менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн атайын комиссия чечет. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен олуттуу жана кеңири кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада тактала элек тилкелердин арасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо да бар. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясы жайгашкан. 2016-жылы чыр чыгып, Өзбекстан бул талаштуу аймакты өзүнүкү деп чыккан.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 10% жакыны такталды.

Чек ара тактала элек тилкелерде жергиликитүү тургундардын суу жана жер талаш маселелери чыгып, курал колдонулган учурлар да катталып келет.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2016-жылдан кийин, Мирзиёев бийликке келгенде жакшыра баштаган. Ага чейин чек ара бекеттеринин көпчүлүгү жабылып, кызматташтык дээрлик токтогон.

Президент Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барып келди. Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 22 документке кол коюлду.

Количество просмотров: 120