• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзбекстанда мамлекеттик туризм комитетинин орун басары болуп студент дайындалды

8 Баш оона 2018 17:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 08.08.2018.Govori.TV.
Өзбекстандын президенти студентти министрликке тамаша иретинде сунуштап койгон. Акбаров Саидбархон Тохир угли, Өзбекстан мамлекеттик туризм министринин орун басары болду, деп билдирет туризм комитетинин басма-сөз кызматы.
Бул кызматка Акбаровду Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев өзү сунуштаган. Алмазар районунда 29-июнда болгон жыйында, Акбаров Саидборхондун Өзбекстандагы туризмди өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды айткан. Мамлекеттик туризм комитетинде Акбаров жаштар туризмин өнүктүрүү, инновациялык шыктарды арттыруу жана смарт туризмге кызыктыруу ошондой эле, ушул тармактагы билим берүү тарабын кенейтүү боюнча иш жүргүзөт.
Акбаров Саидбархан Ташкенттеги Эл аралык Вестминстердик университетинин, бизнес-башкаруу бөлүмүнүн 4-курсунун студенти. Жаш болсо да, билимди арттыруу жаатынан ишкердик мыкты тажрыйбасы бар. Жаш ишкерлер союзунун курамында бар экенин маалымдашат. 2013-жылдан 2018-жылга чейин билим берүү борборлорунун байланыш тармагын башкарган. Ошондой эле онлайн билим боюнча программаларды иштеп чыгуу менен алектенген.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=3&v=MsVHncwkm9c

Количество просмотров: 38