• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Өзбекстан: Мечиттеги жарылуудан 3 адам каза болду

1 Чын куран 20259:05 Бишкек Govori.TV

Анжиян облусунун Избаскан районундагы мечиттин аймагындагы даарат бөлмөсүндө болгон жарылуудан 3 адам каза болуп, 10 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ саат 12:19да Мирзо Улугбек айылындагы имаратта газ-аба аралашмасы жарылган. ӨКМ билдиргендей, имараттын дубалдары жана чатыры урап түшкөн.

Учурда бул окуя боюнча алдын ала иликтөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 165