Өзбекстан менен Кыргызстан эл аралык автобустук төрт каттам ачуу маселесин иштеп чыгууда. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан сайты жазып чыкты.
Коңшу өлкөнүн автомобилдик транспорт агенттигинин жетекчи орун басары Шаалим Шавахабов эки мамлекеттин тийиштүү органдары тарабынан жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр аяктап бара жатканын билдирген.