• Шаршемби 28 Куран 2021

Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасында кыргыз жараны кармалып турат

24 июня 2021 в 18:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык айдоочу Виталий Щульц Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы “Фотехобод” өткөрүү пунктундагы бажы бекетинде кармалып турат. Ал эл аралык каттамда жүк ташый турганын, Германиядан кайтып келатып, 21-июнда Өзбекстан аркылуу Тажикстанга киргенде токтотулганы айтылган.

Тажикстандын Мамлекеттик бажы кызматы муну “Азаттыкка” тастыктады. Мекеменин Норматов деген өкүлүнүн айтымында, Шуьцтун документинде мандем болгондуктан токтотулган.

“Эл аралык каттамдагы кыргызстандык айдоочуларга тажик тараптан чектөө жок. Айдоочунун (Шульцтун) өкүлдөрү менен байланыштык, тийиштүү кеп-кеңеш берилди, маселе каралып жатат”,- деди Норматов.

Кыргызстан тараптан Шульцтун жагдайына байланыштуу маалымат алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Айрым басылмаларда кыргызстандык айдоочу Тажикстандын чек арасында барымтада калганын жазышкан.

Количество просмотров: 51