Жогорку Кеңештин эларалык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети Орто-Токой (Казансай) суу сактагычын пайдалануу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашуу ратификациясын колдоду.
Айыл чарба, азык-түлүк жана мелиорация министри Нурбек Мурашев макулдашууга 2017-жылы 6-октябрда Ташкент шаарында кол коюлганын айтты.
Мурашевдин айтуусунда документте суу сактагыч Кыргызстандын суу чарба департаментине өтөрү жазылган.
Депутаттардын суроосуна жооп берип жатып суу сактагыч 165 млн кубметр суу батырарын, анын 8 пайызын Кыргызстан колдонсо, 92 пайызы менен Өзбекстан 25-28 миң гектар жерин сугарарып, 16 млн сом жылына төлөп турат. Объекте Кыргызстандын 60 жараны иштейт.
“Сууну пайдалануу боюнча эки тараптуу комиссия түзүлөт” ,-дейт Мурашев.
Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун үч окууда колдоп берди.