• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өзбекстан президенти 286 адамга ырайым кылды

1 Аяк оона 2023 13:19 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 286 жаранга ырайым кылуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Алардын арасында 30 чет элдик, ошондой эле тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкан 3 адам бар.

Мунапыс өлкө эгемендигинин 32 жылдыгына карата жарыяланды. Кечиримге ээ болгондордун 109у негизги жазаны өтөөдөн толук түрдө, 116 адам шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Дагы 25 адамдын жазасы жеңилирээк жазага алмаштырылды. Мындан тышкары 36 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылды.

Мунапыс берилгендердин арасында 39 аял, 60 жаштан ашкан 22 эркек, 30 чет элдик, тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкан 3 адам бар.

Жооптуу министрликтерге жана ведомстволорго ырайым кылынган жарандарды жакындарына кайтарып берүү, алардын жумушка тартылышына, сергек жашоо образын тандап, коомдо татыктуу ордун ээлөөсүнө көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Количество просмотров: 87