• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Өзбекстан жер титирөөдөн жабыркаган Сирияга 50 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

22 Бирдин айы 2023 15:42 Бишкек Govori.TV

21-февралда президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар жана Транспорт министрликтери жер титирөөдөн жабыркаган Сирияга 50 тонна гуманитардык жардам жөнөтүштү. Бул тууралуу «Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги» (УЗа) кабарлады.

Маалыматка караганда, гуманитардык жүктүн курамында балдар менен аялдарга кийим-кече, тиричилик техникалары, кургатылган жемиштер, төшөнчү, консерва, гигиеналык каражаттар өңдүү зарыл нерселер бар.

Буга чейин Өзбекстандын өкмөтү, ишкерлер жана жөнөкөй жарандар Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга 170 тонна гуманитардык жардам чогултуп, ал алты жүк учагы жана жети фура менен жеткирилгени кабарланган.

Быйыл 6-февралда болгон 7,8 жана 7,6 баллдык катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны Түркияда 41 миңден, Сирияда 6 миңден ашты.

Количество просмотров: 49