• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстанда 21 жашка чыга элек жарандарга спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат

29 Бештин айы 20229:15 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын парламенти 27-декабрдагы жыйынында «Алкоголдук продукциялар менен тамекинин таралышын жана керектөөсүн чектөө тууралуу» мыйзамдын жаңы редакциясын жактырды.

Мыйзам долбоорун парламенттин төмөнкү палатасы быйыл 25-октябрда кабыл алган. Ал өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койгондон кийин үч айдан соң күчүнө кирет.

Мыйзам өлкөдө 21 жашка чыга элек жарандарга тамеки жана спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салат. Ошол эле маалда аталган продукцияларды (газдалган жана табигый шараптардан башкасын) соода автоматтары, механикалык түзүмдөр же электрондук соода аркылуу да сатууга жана жеткирип берүүгө тыюу салынат.

Мындан тышкары тамекини, алкоголдук жана никотиндик продукцияларды саламаттык сактоо, билим берүү, маданий, медико-социалдык жана ден соолукту чыңдоо жайларында, темир жол бекеттеринде, автобекеттерде, аэропорттордо, деңиз портторунда жана метро станцияларында сатууга болбойт.

Количество просмотров: 177