«Жарнама жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык мындан ары арак, вино, пиво, шампанский жана башка спирт ичимдиктерин интернет аркылуу реклама кылууга тыюу салынды. Мыйзамга киргизилген бул өзгөртүү Президент тарабынан дароо колдоого алынып, кол коюлгандыгын Президенттин аппараты маалымдады.
Мыйзамдын аткарылышын Монополияга каршы агенттик көзөмөлдөйт.