• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Өзбекстанда дагы бир блогер беш жылга соттолду

30 Үчтүн айы 2024 15:27 Бишкек Govori.TV

29-январда Кашкадарыя облусунун Нишан райондук соту блогер Абдухаким Абжалиловго карата өкүм чыгарды.

Расмий маалыматка караганда, Абжалилов Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды.

Сот өкүмүнө ылайык, «Ачуу чындык» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Абжалилов жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.

Маалыматта 49 жаштагы намангандык блогер эмне үчүн Кашкадарыя облусунда соттолгону айтылган эмес.

«Озодлик» радиосу 2023-жылы Өзбекстандын тарыхында мурдагы президент Ислам Каримов каза болгондон бери биринчи жолу эң көп журналист жана блогерлер узак мөөнөткө соттолгон жыл катары тарыхка киргени тууралуу макала жарыялаган.

Былтыр 28-декабрда Фергана облустук соту сегиз жылга эркинен ажыратылган блогер Олимжон Хайдаровдун өкүмүн күчүндө калтырган.

13-декабрда блогер Лемара Мирзаахмедованы 7,5 жылга эркинен ажыраткан өкүм да өзгөртүлгөн эмес.

Декабрда Анжиян облустук кылмыш соту блогер Отабек Ахлиддиновду 7,1 жылга эркинен ажыраткан.

Былтыр октябрда Ташкенттин апелляциялык соту мурда 7 жыл 3 айга соттолгон Абдукодир Муминовдун өкүмүн күчүндө калтырган. Укук коргоочулар менен социалдык түйүн колдонуучулары ал Мирзиёевдин күйөө балдарынын бизнестери жөнүндө жасаган иликтөөлөрү үчүн камалды деп эсептеп келишет.

Өткөн жылы 26-октябрда Самарканд облусунда 19 жаштагы Дилшод Искандаров Instagram баракчасында президент Шавкат Мирзиёевди сындаганы үчүн эки жарым жылга темир тор артына камалган.

Камактагы блогерлердин, журналисттердин жана социалдык тармактын колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү өлкөдөгү көйгөйлөр үчүн өкмөттү, президент Шавкат Мирзиёевди күнөөлөп, үй-бүлөлүк башкарууну сынга алып келишкен.

Өткөн жылы «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Өзбекстан бир жыл ичинде төрт позицияга төмөндөп, 137-орунду ээлеген.

Количество просмотров: 86