• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Каптагаев «75чилердин катына» эмне себептен кол койгонун айтты

22 Кулжа 202612:43 Бишкек Govori.TV

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев “75чилердин иши” боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда күбө катары көрсөтмө берди. Андан соң ал журналисттердин суроолоруна жооп берип, аталган катка кандайча кол коюп калганын түшүндүрдү.

“Көпчүлүгү өлкөнүн туруктуулугу, бийлик башындагылардын чечимин колдоо иретинде кол койгон да. Көбү “мейли президентти колдоп коёлу, шайлоо быйыл деле өтүп кетсе кийинки жылы тынч болот” деген максатта кол койгон да. Бирок азыр абал тескерисинче болуп атпайбы. Эми ал кандай болгон соттун жыйынтыгы менен эле билинет”, — деди ал.

Количество просмотров: 29