• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Өзбекстанда «Док-1 Макс» сиробун ичкен балдардын өлүмү боюнча сот бир айга токтотулду

5 Бештин айы 2023 8:54 Бишкек Govori.TV

Ташкент шаардык соту «Док-1 Макс» сиробун ичкенден кийин каза болгон балдардын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча сот процессин бир айга токтотту.

Өлкөнүн Жогорку соту 1-декабрда жарыялаган билдирүүгө ылайык, «айыптоо корутундусун толуктоо жана башка адамдарды да айыпталуучулардын катарына кошууга байланышкан кошумча процессуалдык аракеттерди көрүү үчүн» кылмыш ишинин айрым документтери тергөө органына жөнөтүлдү.

Өзбекстанда индиялык Marion Biotech фармацевтикалык компаниясы өндүргөн «Док-1 Макс» сиробун ичкенден кийин каза болгон бери дегенде эле 65 баланын өлүмү боюнча сот отурумдары быйыл 11-августта башталган.

Бул иш боюнча жалпысынан 21 кишиге, анын ичинде Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинин мурдагы башчысына, аталган дарыны Өзбекстанга алып келүү менен алектенген Quramax Medikal компаниясынын директоруна (Индиянын жараны) жана башка адамдарга айып тагылган.

Быйыл январда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы Quramax Medical компаниясынын жана Дары-дармектерди стандартташтыруу борборунун кызмат адамдарына карата кылмыш иштерин козгогон.

13-январда Ташкенттин райондор аралык экономикалык соту фармецевтикалык ишмердүүлүк менен алектенүү үчүн Quramax Medical’га берилген лицензияны жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

Сот процессинин жүрүшүндө прокурорлор «Док-1 Макстын» дистрибьюторлору дарыны сатыкка чыгарардын алдындагы милдеттүү текшерүүдөн өткөрбөө үчүн жергиликтүү аткаминерлерге 33 миң доллар өлчөмүндө пара бергенин билдиришкен.

Количество просмотров: 48