• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Док-1 Макс» сиробун ичкен балдардын өлүмү боюнча сот жанданды

8 Үчтүн айы 2024 9:29 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда сот жөтөлгө каршы «Док-1 Макс» сиробун ичкен балдардын өлүмү боюнча ишти кароону бир айлык тыныгуудан кийин кайра жандантты.

5-январда Ташкент шаардык сотунда өткөн отурумда «Док-1 Макс» ичкен 18 бала майып болгону, каза тапкандардын саны 69га жеткени белгилүү болду. Мындан тышкары айыпталуучулардын тизмесине дагы эки киши кошулганы айтылды. Муну менен бул иш боюнча айыпталгандардын жалпы саны 23кө жетти.

Кийинки сот отуруму 10-январга белгиленди.

Өзбекстанда Индиянын Marion Biotech компаниясы өндүргөн «Док-1 Макс» сиробун ичкен балдар ууланып жатканы 2022-жылдын аягында кабарланган.

Өлкөнүн коопсуздук кызматы бул фактылар боюнча кылмыш иштерин козгоп, аталган сиробду Өзбекстанга импорттогон Quramax Medical компаниясынын жана Дары-дармектерди стандартташтыруу боюнча илимий борбордун жогорку кызмат адамдары кармалганын билдирген.

Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү агенттиги Marion Biotech компаниясынын дарыларынын курамындагы этиленгликол медициналык регламентте каралган ченемден 300 эсе көп экенин билдирген. Анын ордуна дарынын курамында пропиленгликоль (бактерициддик таасири бар тамак-аш кошумчасы) болушу керектиги айтылган.

Бул окуядан кийин Кыргызстандын дарыканаларында да «Док-1 Макс» сиробун сатууга убактылуу тыюу салынган.

Былтыр «Док-1 Макс» дарысын чыгарган индиялык компаниянын лицензиясы токтотулган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму үч өлкөдө жөтөлгө каршы бул сироптон каза болгон 300дөй баланын өлүмүн иликтеп жатканын билдирген.

Количество просмотров: 71