• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Өзбекстанда «Док-1 Макс» сиробун саткан дарыгерлерге сыйакы төлөнүп турган

25 Тогуздун айы 2023 16:53 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда кеминде 65 баланын өлүмүнө себепчи болгон «Док-1 Maкс» сиробун чыгарган индиялык ишкерлер дары-дармекти бейтаптарга үзгүлтүксүз сунуштаган медициналык адистерге «сыйакы» берип турушкан. «Дарье» басылмасы кабарлагандай, бул тууралуу соттун 23-октябрдагы жыйынында белгилүү болду.

Сот отурумунда сөз сүйлөгөн Салык комитетинин өкүлүнүн айтымында, өндүрүүчүлөр «Док-1 Maкс» ширесин бейтаптарга сунуштаган дарыгерлерге 5 миллиард 57 миллион сум (500 миң долларга жакын) төлөп, сатыктын өсүшүнө салым кошкон. Медайымдар 122 миллион сум (10 миң долларга жакын), ал эми дары-дармекти тараткан фармацевт жана дарыкана жетекчилери 2 миллиард 345 миллион сум (190 миң доллардан ашык) алышкан.

Маалыматка караганда, Quramax Medikal дистрибьюторунун жооптуу адамдары ишкананын ишмердүүлүгүнө салым кошкон кызматкерлерге конверттерге салынган 13 миллиард сум (1 миллион доллардан ашык) каражатты төлөп беришкен.

Мурдараак Quramax Medical компаниясынын директору (Индия жараны) Өзбекстандын фармацевтика тармагындагы лидерлердин бирине 33 миң доллар пара бергенин мойнуна алганы кабарланган. Акча «Кураракс» дарысын милдеттүү түрдө сыноодон өткөрбөй эле кабыл алдыруу үчүн берилген. Жыйынтыгында бул препарат өлкөдө каттоого алынган.

Количество просмотров: 102