Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.
“Си эй ньюс” сайты билдиргендей Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиеёв Кылмыш кодексине жаңы өзгөртүү киргизип, анда абада адамсыз учуучу транспорт каражаттарын сатуу, сактоо же пайдалануу сыяктуу кыймыл аракеттерге 3 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу киргизилген.
Ал эми тартуу иштеринде колдонулган дрондун ээлери дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Бул мыйзам 2019-жылдын октябрь айынан тарта күчүнө кирет. Ал эми өз каалосу менен дронду тапшырса, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.