• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эки айлык кызын өлтүрүп алган тургун беш жылга соттолду

6 Үчтүн айы 2021 9:12 Бишкек Govori.TV

Жизак облусундагы Зомин райондук соту өзүнүн эки айлык кызын өлтүрүп алган тургунду беш жылга эркинен ажыратты.

Жизак облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 2020-жылы 9-октябрда болгон.

Мекеменин маалыматына караганда, түнкү саат 11лерде кызын соорото албай жаткан аялына жинденген тургун бешиктеги жаздыкты алып, аны менен аялын ургулап жиберген. Ошол маалда наристе башы менен бешиктин бурчуна бир нече жолу урунуп, жаракат алган.

2020-жылы августта жарык дүйнөгө келген кыз ооруканага жеткирилип, бирок эсине келбеген бойдон чарчап калган. Наристенин апасы бул окуяга байланыштуу милицияга 10-октябрда арыз менен кайрылган.

Количество просмотров: 245