• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Өзбекстанда электр энергиясы менен камсыздоо толук калыбына келтирилди

28 Үчтүн айы 2022 17:43 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Энергетика министрлиги 27-январь күнү кечке карата өлкөнүн бардык аймактарын электр энергиясы менен камсыздоо толук калыбына келтирилгенин билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда, Туракурган ЖЭБинен башка өлкөдөгү бардык электр станциялар кадимки режимде иштеп жатат.

«Маал-маалы менен өчүрүү болбошу үчүн жарандарды өзгөчө зарылчылык жок учурларда кошумча электр жылыткычтарды күйгүзбөөгө чакырабыз», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Мекеме 27-январга карата өлкөнү газ менен камсыз кылуу да толук калыбына келтирилгенин кошумчалады.

Количество просмотров: 156