• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өзбекстанда кармалган кыргыз жарандары кое берилди

19 Бирдин айы 2020 13:59 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш Чекелик айылынын чек арага жакын жеринен Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткенин Кыргызстандын 13 жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат катчысы маалымдады.

Маалыматка ылайык, эки тараптын ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жарандар кое берилген.

Буга чейин, Талас облусунан аймакка дааватка эки машине менен келген жарандарды Өзбекстандын чек арачылары кармап кетишки айтылган.

Расмий маалыматка караганда, чек арага жакын аймакта жүргөн Кыргызстандын жарандары чек ара кайсы жерден бөлүнөрүн билбестиктен өтүп кетишкен.

Чекелик Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешет жана чек аралары такталган айылдардын катарына кирет. Айылдыктар буга чейин чек араны тактоодо жол кошуна өлкөнүн аймагына өтүп кеткенин, Кыргызстандын чек арадагы бул айылына жакын аймакка Өзбекстан ок атып машыгуучу аскердик жай куруп алганын айтып даттанып келишкен.

Количество просмотров: 115