Өзбекстандын Жаркурган районунун 17 жана 20 жаштагы кыз-жигит, жүрүп бара жаткан поезди көздөй секирип каза болушту. Маалыматтарга таяна турган болсок, алардын үй-бүлөө куруусуна кыздын ата-энеси каршы болушкан.
10-августка караган түнү көз жумган Г.К аттуу 17 жаштагы кыз жана Б.К аттуу жигит 20 жашта болгон. Алар Кушмишлак айылынын тургундары болчу. Ал эми жүк ташыган поэзд Термез – Кумкурган – Ташкент каттамы менен бара жаткан. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.