• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Өзбекстанда кыздарды Индияга сойкулукка жөнөтүп жүргөн жубайлар кармалды

21 Бештин айы 2022 9:13 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда кыздарды сойкулук менен алектенүү үчүн Индияга жөнөтүп жүргөн жубайлар кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 13-декабрда Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери эки кызды Индияга сойкулукка жөнөтүүгө аракет кылган М.Ю. аттуу 1978-жылкы жаранды кармаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал намангандык 19 жана 27 жаштагы эже-сиңдинин ишенимине кирип, аларды акчасы көп экенин айтып, сойкулук кылууга көндүргөн.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кармалган адамдын жубайы учурда Индияда экени, ал күйөөсү жөнөткөн кыздарды тосуп алып, алардын сойкулук менен алектенүүсүнө шарттарды түзүп жүргөнү аныкталган.

«Алар кыздарга Индиянын визасын алууга акча төлөп, авиабилет сатып берүүгө да жетишкен», – деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Кармалган жубайларга каршы «Адам сатуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда кармалган адамдын аялын Индиядан экстрадициялоо боюнча иштер жүрүүдө.

ИИМдин маалыматына караганда, 2022-жылдын башынан бери Ташкент облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери адам сатуу боюнча козголгон сегиз иштин алкагында 15 кишини кармаган. Жыйынтыгында 12 адам, анын ичинде тогуз аял адам сатуунун курмандыгы болуудан куткарылган.

Количество просмотров: 260