• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Өзбекстанда окуучулар менен бараткан автобус кырсыкка кабылды

30 Чын куран 201910:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.04.2019.Govori.TV

29- апрель түнү, Өзбекстандын Уртачирик районунда автобус менен бараткан 53 жүргүнчү кырсыкка учурап, анын 37си мектеп окуучулары болгон.

Аталган мамлекеттин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, «Мерседес» үлгүсүндөгү автобустун бир дөңгөлөгү жарылып, анын кесепетинен оодарылып кетип, автобустан өрт чыккан.

Салондогу 53 жүргүнчү автобустан түшүүгө үлгүргүшкөн. Бактыга жараша курмандыктар жок. Окуя болгон жерде жабырлануучуларга медициналык көмөк тез арада көрсөтүлгөн.

Мааалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автобустун ичинде 37 окуучу, 3 педагог, 10 ата-эне жана 3 айдоочу болгонун кабарлады.

Количество просмотров: 16