• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өзбекстанда “омикрон” жуктурган алгачкы учур катталды

10 Үчтүн айы 20220:22 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда «омикрон» аталышын алган В.1.1.529 штаммы менен жаңы коронавирус инфекциясынын (COVID-19) алгачкы учуру аныкталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Коронавирустун жаңы «омикрон» штаммы 7-январда Өзбекстанга чет өлкөдөн келген чет элдик жарандан аныкталган.

Мурдараак маалымдалгандай, республиканын аймагында “омикрон” штаммынын аныкталгандыгына байланыштуу сактык чаралары жана чектөөлөр күчөтүлөт.

Количество просмотров: 168