• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Өзбекстанда парламенттик шайлоо өттү

23 Бештин айы 2019 10:53 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдө парламенттик шайлоону өттү деп жарыялады. Жекшемби күнү түшкө чейин эле добуш берүүчүлөрдүн саны 42,3% пайызды түзгөн. Мыйзам боюнча шайлоону өттү деп жарыялоо үчүн шайлоочулардын 33% добуш берүүгө тийиш.

Шавкат Мирзиёев бийликке келген 2016-жылдан бери бул өлкөдө биринчи жолу парламенттик шайлоо өтүүдө.

Саясий жарышка беш партия катышууда. Алардын баары бийликти жактайт. Маселен, «Өзбекстандын экологиялык кыймылы» – атомдук электр станциясынын курулушун кубаттаган, өзөктүк энергетиканы колдогон дүйнөдөгү “жашылдардын” жападан-жалгыз партиясы.

Оппозициячыл партиялар шайлоого катышкан жок.

13-декабрда ЕККУ Өзбекстан боюнча баяндама жасап, өлкөдө саясий системаны өзгөртүү боюнча жылыш бар экенине карабай, шайлоо жөнүндөгү мыйзамдар, өзгөчө жаңы партияларды каттоо ыкмалары өзгөртүлбөгөнүн белгилеген. Документке караганда, 2003-жылдан бери бийликке оппозиция болгон бир дагы партия каттоодон өткөн эмес.

Булак: centralasian.org

Количество просмотров: 43