• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Өзбекстанда Pfizer-BioNTech вакцинасы менен алгач медиктер жана улгайган адамдар эмделет

20 Үчтүн айы 2021 15:26 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда Pfizer-BioNTech вакцинасы менен алгач медиктер жана улгайган адамдар эмделет. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Ботиржон Курбонов билдирди.

Анын айтымында, улгайган жарандар коронавируска каршы «өз каалоолору» менен эмдөөдөн өтүшөт.

18-январда Өзбекстан АКШ менен Германиянын Pfizer жана BioNTech компаниялары өндүргөн Comirnaty вакцинасына 100 миң доза буйрутма бергени белгилүү болгон. Курбонов бул 50 миң кишини эки жолудан эмдөөгө жете турганын белгилеген.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанда калктын саны 34,5 миллиондон ашат. Өлкө бийлиги 2021-жылдын июнь айына чейин калктын 60% чейинки бөлүгүн коронавируска каршы эмдөөнү пландоодо.

Количество просмотров: 21