• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Өзбекстанда спикердин орун басары өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады

12 Теке 20249:24 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан парламентинин (Олий Мажилис) Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын орун басары, “Улуттук кайра жаралуу” партиясынын лидери Алишер Кадыров Өзбекстанда өлүм жазасын киргизүү керектигин билдирди.

Депутаттын мындай билдирүүсү Ташкентте 31 жаштагы киши жарандык никедеги аялынын 3 жаштагы баласын бычактап өлтүргөндөн кийин айтылды.

Жергиликтүү басылмалар мурда соттолгон жигит чогуу турган аял менен урушуп кеткенден кийин келиндин 3 жаштагы баласынын далысына, башына жана көзүнө 12 жолу бычак сайганын жазышкан. Наристе ооруканага жетпей каза болгон. Маалыматтарга караганда, киши өлтүрүүгө шектелген адам да, баланын апасы да наркоман болгон.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Кайгылуу окуяга реакция жасап жатып, депутат Алишер Кадыров «балага мынчалык ырайымсыз мамиле кылган адам жашабашы керек» деп баса белгилеген.

Өзбекстанда өлүм жазасы 2008-жылы жокко чыгарылып, анын орунда узак мөөнөткө же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонула баштаган.

Количество просмотров: 129