• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзбекстанда узун сакал койгондорго каршы рейд кайра күч алды

28 Баш оона 202413:36 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда сакал койгон эркектерге айып пул салынып жатат. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында сакал адамдын тек-жайын аныктоого кыйынчылык жаратууда.

«Подробно.уз» басылмасы жазгандай, мындай эркектер аялдарга бетин жапкан кийим кийүүгө тыюу салган берене боюнча жазага тартылып жатышат.

Журналисттер соттун базасында бул берене колдонулган 800дөй иш бардыгын аныкташкан. Алардын көбү Жизак, Самарканд, Анжиян жана Фергана облустарында козголгон.

Эгер эркектер сакалдарын алуудан баш тартса, аларды бейбаштыкка же тартип коргоочуларга баш ийбегени үчүн айыпташары маалым болду.

Коомдук жайларда жүзүн жаап жүрүүгө тыюу салган өзгөртүүлөр Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске былтыр октябрда киргизилген. Мыйзам бузгандарга төрт жүз долларга чейин айып пул салынат.

Количество просмотров: 72