• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өзбекстанда жакынкы жылдары электр энергиясынын тарифи жогорулабайт

27 Тогуздун айы 2020 18:49 Бишкек Govori.TV

2021-2022-жылдары Өзбекстанда электр энергиясынын тарифи жогорулабайт. Бул тууралуу 26-октябрда «Өзбекстан 24» телеканалына «Аймактык энергетикалык түйүндөр» компаниясынын төрагасы Улугбек Мустафоев билдирди.

«2021-2022-жылдары электр энергиясынын тарифин көтөрбөө – президенттин негизги тапшырмасы», — деди Улугбек Мустафоев.

Анын айтымында, энергосистемаларды модернизациялоо жана реконструкциялоо тарифтерди көтөрүү жолу менен эмес, өндүрүш наркын төмөндөтүү менен ишке ашырылат.

26-октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев энергетикалык компанияларды трансформациялоонун артыкчылыктары боюнча жыйын өткөргөнү кабарланган.

Кеңешме учурунда ал өлкөдө электр станциялардын 50% эскиргенин билдирген.

Количество просмотров: 41