• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өзбекстанда жол кырсыгынан министрдин орун басарынын жубайы жана кызы каза болду

4 Үчтүн айы 2021 17:15 Бишкек Govori.TV

Жаңы жыл түнү Өзбекстандын суу чарба министринин орун басары Вохижон Ахмаджоновдун башкаруусундагы Chevrolet Gentra үлгүсүндөгү унаа Камчик ашуусунда аварияга кабылып, жардан кулап кеткен. Аны ушундай эле үлгүдөгү башка бир унаа артынан сүзгөн.

Авариядан аткаминердин аялы жана үч жаштагы кызы каза болду. Министрдин орун басары ооруканага жеткирилди.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, аткаминер Жаңы жылды ата-энеси менен тосуу үчүн үй-бүлөсү менен Ферганага бараткан.

Бул окуя боюнча 1-январда “Адам өлүмүнө алып келген жол кыймыл коопсуздугунун же транспорт каражатын колдонуунун эрежесин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 446