• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Өзбекстандан Сауд Арабиясына жума сайын учак каттай баштайт

22 Баш оона 2022 18:10 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан менен Сауд Арабиясы ортосунда аптасына 14 каттам ачылары күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын транспорт министринин орун басары Жасурбек Чориев билдирди.

Министрликтин өкүлү авиакаттам жөнүндө меморандум өзбек президентинин мамлекеттик сапарында кол коюлганын айтты.

Каттамдар Өзбекстандан Саудиянын Эр-Рияд, Жидда жана Медина шаарларына каттайт. Азырынча учактар Өзбекстандын кайсы шаарынан учары айтыла элек. Жасурбек Чориев буга чейин Сауд Арабиясына ажылык жана умра үчүн гана каттамдар болгонун белгиледи.

Белгилей кетсек, Өзбекстан менен Сауд Арабиянын ортосунда визасыз режим киргизилген. Ага ылайык, Сауд Арабия жарандары Өзбекстанда 30 күн визасыз жүрө алат.

Теги:
Количество просмотров: 125