• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Өзбекстандын футбол боюнча U-23 курамасы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

30 Чын куран 2024 17:09 Бишкек Govori.TV

23 жашка чейинки оюнчулардын арасындагы футбол боюнча Азия кубогунун жарым финалында Өзбекстандын олимпиадалык курамасы Индонезия командасын 2:0 эсебинде утуп, мелдештин финалына чыкты.

Беттештин биринчи жарым бөлүгү 0:0 эсеби менен аяктады. Экинчи таймда индонезиялык оюнчулар Өзбекстандын дарбазасына бир гол киргизип, бирок офсайд абалы катталып калгандыктан, гол эсепке алынган жок.

Оюндун 68-мүнөтүндө Өзбекстан курамасынын чабуулу Норчаев киргизген гол менен аяктады. 84-мүнөттө Индонезия командасынын коргоочусу кызыл айып кагазы менен жазаланып, оюндан четтетилди. Эки мүнөттөн кийин индонезиялык оюнчулардын бири өз дарбазасына гол киргизип алып, беттеш 2:0 эсеби менен аяктады.

Өзбекстандын курамасы бул жеңиши менен мелдештин финалына чыкты, ошондой эле быйыл жайында Парижде өтө турган Олимп оюндарына жолдомо утуп алды. 3-майда өтө турган финалдык беттеште өзбек оюнчулары Ирактын курамасын 2:0 эсебинде уткан Жапония курамасы менен кез келет.

Тимур Кападзе машыктырган Өзбекстандын командасы Олимпиада оюндарына катыша турган Борбор Азиядагы алгачкы футбол курамасы болуп калды.

Количество просмотров: 104