• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өзбекстандын өкмөтү ишеним башкарууга берилген үч ири ишкананы өз көзөмөлүнө алды

19 Бирдин айы 2021 19:22 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын өкмөтү өлкөдөгү үч ири ишкана боюнча SFI Management Group компаниясы менен түзүлгөн ишеним башкаруу тууралуу келишимди жокко чыгарды.

Расмий Ташкент SFI Management Group компаниясына «Өзбек металлургиялык комбинатын»2017-жылы, «Узвторцветмед» акционердик коому менен «Алмалык тоо-металлургия комбинатын» 2018-жылы ишеним башкарууга берген.

Миллиардер Фаттох Шодиевдин бир тууганы Кабул Шодиев башкарары айтылып жүргөн SFI Management Group компаниясы бул аралыкта аталган ишканалар үчүн антикризистик менеджер катары иш алып барган.

Айрым маалыматтарга караганда, өткөн жылы сентябрда Кабул Шодиев SFI Management Group компаниясы «Узбеккомир» ишканасын, Ангрен жана Жаңы-Ангрен жылуулук электр борборлорун да ишеним башкарууга алганын айткан.

Расмий түрдө бул ишканалар 2019-жылы түзүлгөн «Central Asia Energy» компаниясынын башкаруусуна берилгени кабарланган. Анын SFI Management Group’ка кандай тиешеси бар экени айтылган эмес.

Ал ортодо жергиликтүү басылмалар SFI Management Group Өзбекстандагы негизги жумуртка өндүрүүчү болуп эсептелген «Уртачирчикпарранда» ишканасынын 84%, «Узхимфарм» компаниясынын 74% ээлик кыларын билдиришүүдө.

Быйыл 20-январда «Өзбек металлургиялык комбинатынын» башкы кеңсесине барган премьер-министр Абдулла Арипов заводдун жетекчилигин иштен алган.

Количество просмотров: 195