• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Өзбекстандын Кыргызстандагы Элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктады

3 Аяк оона 2019 12:06 Бишкек Govori.TV

2019-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Комил Рашидовду, анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. ​

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамилелеринин эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, мамлекет башчылардын деңгээлинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты. Жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын, эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн башчыларынын төрагалыгы астында чек арага жакын областтардын башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйындарын өткөрүүгө өзүнчө көңүл бурулду.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы достук, жакын кошуналык, өз ара пайдалуу кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк негизинде тарыхый түзүлүп калган мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү максатында биргелешип иш жүргүзүүгө бекем ниетин билдиришти.

Министр Ч.Айдарбеков Элчи К.Рашидовго анын жемиштүү иши жана кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүдөгү жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады. Өз кезегинде, Элчи К.Рашидов, анын Кыргызстандагы дипломатиялык кызматынын мезгилинде биргелешкен жемиштүү өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирди.

Количество просмотров: 57